Василий Дашков кайрадан УКМК тарабынан кармалды

9 июнь 2021 12:54 1993 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 8-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Буга чейин, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акы төлөөгө Дашков аффилирленген жеке компанияларга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгону маалым болгон. 

18-майда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарттары боюнча Дашковго карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап алган. Бирок, ушул күнгө чейин Дашковдон келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттенме алынган эмес.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргыз Темир Жолу» бюджеттик каражаттарды алуу боюнча кошумча фактылар аныкталды. Тактап айтканда, 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан 490 миллион сомго жакын акча алынгандыгы аныкталды. Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд.

Буга байланыштуу, кечээ,8-июнда Дашков Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/vasilij-dashkov-kajradan-ukmk-tarabynan-karmaldy



Добавить комментарий