Ван Гогтун буга чейин белгисиз сүрөтү музейге коюлду
Голландиянын музейи Винсент ван Гогтун буга чейин белгисиз болгон эмгегин Амстердамдагы музейге койду. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Карандаш менен тартылган анча чоң эмес сүрөт алгачкы ирет Амстердамагы музейге илинди. Аталган эмгек 1882-жылы ноябрь айында, сүрөтчү жаңы гана чыгармачылыкка киришип жатканда тартылган.100 жылдан ашык убакты бою ал Нидерланддагы чакан чөйрөдө гана белгилүү болуп келген.
Винсент Ван Гог - нидерландиялык сүрөтчү-постимпрессионист, XX кылымда живописке өтө чоң таасир берген.Он жылга жетпеген аралыкта ал 2100дөн ашык сүрөт тартса, анын 860ы май боектору менен тартылган.Дүйнөлүк аукциондордо анын картиналары кымбат бааланат.
Ссылка: https://barometr.kg/van-gogtun-buga-chejin-belgisiz-srt-muzejge-koyuldu
Добавить комментарий ×