"Валентинаны эч ким жеңе албайт": UFCнин мушкерлери Шевченко менен Майянын беттеши тууралуу
Кыргызстандык Валентина Шевченко 22-ноябрда UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук титулун дагы бир жолу коргойт. Бул тууралуу fightnews.info сайтында жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Шевченко UFCнин алдыдагы мелдешинде бразилиялык Дженнифер Майага каршы күрөшөт.
UFCнин мушкерлери бул беттештин алдын ала болжомолдорун айтышты.
Эрик Андес: Шевченко менимче нокаут менен утат. Учурда ага тең келчү мушкер жок.
Макс Гриффин: Албетте, жеңиш Шевченконуку. Маяда өзүнчө мыкты, бирок Шевченко башка деңгээлде.
Луис Смолка: Шевченко мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетет.
Кейси Кенни: Эч талаш жок Шевченко. Менин оюмча, ал титулду көпкө чейин сактайт.
Брэндон Морено: Жеңил салмактын бир дагы өкүлү Валентина Шевченкону жеңе албайт. Ал Маяны жеңип, дагы бир жолу курун коргойт.
Добавить комментарий ×