Валентина Шевченко кинодо терс каармандын ролун ойнойт
UFC уюмунун мушкери Валентина Шевченко америкалык актриса Холли Берри тартып жаткан тасмада терс каармандын ролун ойнойт. Бул тууралуу ал басылмалардын бирине берген маегинде айткан.
Мушкер журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, тасмада терс каармандын ролун жарата турганын билдирген.
Шевченко андан сырткары Холли Берри тасмага тартуулу учурунда аябай машыкканын, учурда UFC уюмунда күч сынашкан кыз-келиндерге татыктуу атаандаш боло аларын да кошумчалаган.
Эске салсак, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко "В синяках" ("Bruised") тасмасына тартылууда.
Тасма эмне тууралуу:
Bloody Elbow порталынын маалыматы боюнча тасмада ММА мушкери Жеки аттуу аял тууралуу баяндалат, аны Холли Берри өзү ойнойт. Жеки тагдыр чечүүчү мушташта жеңилип калып, карьерасында жолу болбойт. Жеки өмүр бою анын колунан бир гана мушташ келет деген ойдо болгон. Тагдырдын башка салганына көнгөн Жеки спорттук карьерасы үчүн бир убакта таштап кеткен алты жашар баласы менен мамилесин оңдогонго аракеттенет. Бирок ринг жана атак деген эңсөө аны эч коё бербейт. Бир жолу ага эң кыйын мушкер кыз менен беттешүү шансы болот да, аны Жеки колдон чыгарбай колдонуп калууга белсенет.
Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-kinodo-ters-kaarmandyn-rolun-ojnojt
Добавить комментарий ×