Көргөн көз кубанат. Шевченко Лас-Вегаста “Жылдын мыкты мушкер айымы” наамын алды
UFCнин жеңил салмактагы бир нече жолку чемпиону, кыргыздын сыймыктуу кызы Валентина Шевченко Лас-Вегаста “Мыкты мушкер айым” наамын алды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жылдын мыкты мушкерлерине 14-сыйлык тапшыруу аземи кече, 8-декабрда болгон.
“Мыкты түн! Мага болгон сүйүүңүздөр үчүн чоң рахмат.
Бүгүн кечинде 2022-жылдын “мыкты мушкер айымы” сыйлыгын алуу сыймыгына ээ болдум!
Мен үчүн бул сыйлык өтө баалуу жана өзгөчө. 2023-жыл менин юбилейим. Мушкер катары 30 жылдыгымды белгилейм”, -деп жазды Шевченко.
Ссылка: https://barometr.kg/krgn-kz-kubanat-shevchenko-las-vegasta-zhyldyn-mykty-mushker-ajymy-naamyn-aldy
Добавить комментарий ×