Валентина Шевченко америкалык Джессика Ай менен беттешке чыгат

13 март 2019 09:23 1554 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 9-июнунда кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко өзүнүн титулун америкалык Джессика Ай менен беттешип коргомокчу.   

Жеңил салмактагы UFC чемпионунун беттеши Чикагодо өтөт.

Шевченко чемпиондук курун сактап калыш үчүн алгачкы беттешин өткөрмөкчү. Ал аталган курду өткөн жылы UFC 231 турниринде Йоанн Енджейчти жеңип алып ээ болгон. 31 жаштагы чемпион кыз баардыгы болуп 16 жеңишке жетип, үч ирет жеңилген.

Джессика Ай декабрда өткөн мелдешке катышып Кэтлин Чукагянды уткан болчу. Айдын эсебинде 15 жеңиш, алты ирет жеңилүү бар жана бир ирет беттеши өтпөй калды деп табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-amerikalyk-dzhessika-aj-menen-betteshke-chygat



Добавить комментарий