Узарбек Жылкыбаев: Биз көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактай алдык

3 июнь 2020 15:49 1012 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Карантиндик кырдаалга байланыштуу салык токтоп, каржы көйгөйү жаралды", -  - деп билдирди КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

"Бирок, пайдасы – биз көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактай алдык. Азыркы учурда салык чогултуу иштери ыкчам абалда жүргүзүлүп жатат. Буга чейин салык төлөбөй иштеп жаткан көз жумду болгон тармактардын тизмелери алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда. Төлөнүп жаткан салыктар мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткандыктан, биз салык төлөөдөн качпашыбыз керек”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.



Ссылка: https://barometr.kg/uzarbek-zhylkybaev-biz-kmskd-ishtep-zhatkan-ishkanalardy-taktaj-aldyk



Добавить комментарий