Узак жашоонун сырлары: Япондор дүйнөдө эң узак жашаган калк
Салттуу жапон матча чайы организмдин картаюусун басаңдатып, бир катар оорулардын пайда болусунун алдын алат. Бул тууралуу Express басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Макаланын авторлору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматтарына шилтеме берүү менен, япониянын жарандары туура тамактану жана чай ичүү адатына байланыштуу эң узак жашашат. Айрыкча, матча чайы жапондордун сүйүктүү суусундугу.
Ал кадимки чайдан айырмаланып, ачык жашыл түстөгү порошок болуп саналат. Суусундуктун курамында А, В, С, Е витаминдери, ошондой эле, цинк, калий, кальций, натрий жана темир көп болгонуна байланыштуу узак жашоого шарт түзөт.
Мындан тышкары, илимпоздор Япониянын чай салттарындагы бул салттуу суусундук холестеринди жана кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, иммундук системаны чыңдап, рак, диабет жана семирүү коркунучун алдын алат деп табышты.
2020-жылдын сентябрь айында Япония жүз жылдыктын саны боюнча рекордун жаңылаганы белгилүү болду. Ошентип, 100 жана андан жогорку жаштагы жапондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта турат.
Добавить комментарий ×