Уюшкан кылмыштуу топтун куралдуу мүчөсү кармалды
Уюшкан кылмыштуу топтун куралдуу мүчөсү кармалды.Кармалган адам укук коргоо органдарына маалымат берүүдөн баш тарткан.
Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 25-апрелинде милиционерлерге Сокулуктун жашоочусу өзү менен курал алып жүргөндүгү туурасында маалымат берилген.
Новопавловка айылында жашаган адамдын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын "Лексус GХ-470" маркасындагы автоунаасынан номери өчүрүлгөн эки тапанча табылган.
"Автоунаанын ээси 1989-жылы Нарын облусунда туулган Т. Б. болгон, ал тапанчаларды кайдан алгандыгы туурасында укук коргоочуларга маалымат берүүдөн баш тарткан", - делет ИИБ маалыматында.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам ИИМде УКТ мүчөсү катары катталуу экендиги белгилүү болгон. Учурда Сокулук райондук ИИБ тергөө кызматы тарабынан соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Ссылка: https://barometr.kg/uyushkan-kylmyshtuu-toptun-kuralduu-mchs-karmaldy
Добавить комментарий ×