Уурулар фирманын акчасын уурдап кетишкен, бирок милиция аларды издебей жатат
“Эгерде милиция аракет кылбаса кимге кайрылып жана эмне кылуу керек?”,-дейт кылмышкерлердин курмандыгы болгон С.Б. аттуу Бишкектин тургуну. Ал редакцияга кайрылып 12-апрелде анын документтери менен ири суммадагы акчасын уурдап кетишкенин айтты.
С.Б.берген маалыматка таянсак, ал ошол күнү Жал кичи районунда жайгашкан «Манас» университетинин аймагындагы мечитке жума намазга кеткен.
Бул арада белгисиз адамдар анын унаасынын айнегин талкалап, документтери бар сумканы, ноутбукту, 20 миң долларды жана 400 миң сомду алып кетишкен.
Бул окуядан кийин ал дароо милицияга кайрылган. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип тиешелүү документтерди толтуруп, ишти көзөмөлгө алууну башташкан.Бир аздан кийин жабырлануучу Ички иштер министри Кашгар Джунушалиевдин наамына кат жазган.
“Бир аптадан кийин Ленин райондук милиция бөлүмүнө иликтөө кандай болуп жатканын билиш үчүн бардым. Милициялар эч кандай чара колдонбогону белгилүү болду.Ошондон кийин өзүм иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечтим.Уурулук болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн биринин видео жазуусун алып бул маалыматтарды милицияга бердим.Видеодо төрт жигит унаа менен келип айнекти талкалап, алчуларды алгандан кийин ушул эле унаа менен кайра кеткенин көрүүгө болот”,-дейт жабырлануучу.
С.Б. уурулук кылган адамдардын өздүгү такталса дагы аларга карата чара колдонулбай жатканын кошумчалады. Анын айтымында уурулук болгондон бери эки ай өттү.
Ал өкмөт башчыдан ишти көзөмөлгө алууну жана ИИМ министрине зарыл болгон чараларды кабыл алыш үчүн тапшырма берүүнү өтүндү.
С.Б. өзү иштеген фирманын акчасын кайтарыш үчүн унаасын сатты. Эми уурдалган акчаны толук төлөш үчүн квартирасын сатыкка койду.
Ссылка: https://barometr.kg/uurular-firmanyn-akchasyn-uurdap-ketishken-birok-miliciya-alardy-izdebej-zhatat
Добавить комментарий ×