"Уулум кредиттин айынан заматта жүрөгү кармап, каза болуп калды". Пригородное айылындагы окуя

15 апрель 2021 13:45 4507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пригородное айыл өкмөтүн басып алып, банктагы насыяларды жоюуп берүүнү талап кылып, өздөрүн өрттөйбүз деп жаткан аялдардын арасында кредиттин айынан уулун жоготкон эне да бар.

Маалым болгондой, өзүн Замира деп тааныштырган аялдын айтымында уулу насыясын төлөй албай калгандыктан, жүрөгү ооруп бир заматта каза болуп калган.

“Уулум жеке банктардын биринен 20 000 АКШ долларын насыяга алып, үстөк пайызы жогору болгондуктан төлөй албай калган. Ага кошумча минтип, пандемия болуп калып, уулумдун жумушу да жүрүшпөй калды. Анан, уулум насыясын кантип төлөйм деп сарсанаа болуп жүрүп, бир заматта эле жүрөгү ооруп каза болуп калды. Артында төрт баласы калды. Үйүн болсо, банк алып койду.

Уулум, мынча насыяны мал алып, кайра сатып, иштейм деп алган”, - деди Замира аттуу айым.

Эске сала кетсек, бүгүн, 15-апрелде Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын 15ке жакын аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп жатышат делген маалымат интернетке желдей таркаган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аялдар банктан алган насыясын төлөй албай калып, үйлөрүн алдырып жиберүү коркунучунда турушкан. 

Белгилей кетсек, алар банктардан үстөк пайызды 3 пайызга түшүрүүнү талап кылып, буга чейин, үч күн өкмөт үйүнүн алдына барып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү суранышкан. Бирок, өкмөт тараптан эч кандай жооп болбогондуктан, 15ке жакын аял Пригородное айыл өкмөтүн басып алып, көйгөйлөрү чечилбесе өздөрүн өрттөп жиберишерин айтып жатышат.

Алар, пандемия учурунда да жеке банктар насыясы барларга жеңилдик бербей жатканын  айтып, нааразы болушууда.

Учурда, окуя болгон жерде, Чүй ОИИБ, Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле аялдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев турат. Ошондой эле, вице-премьер-министр Улугбек Карымшаков да аялдар менен сүйлөшүү үчүн келген. Бирок, аялдар өкмөт башчы Улукбек Марипов өзү келбесе эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай тургандыктарын айтышууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/uulum-kredittin-ajynan-zamatta-zhrg-karmap-kaza-bolup-kaldy-prigorodnoe-ajylynda-okuya



Добавить комментарий