Кыргызстанда 2 миңге жакын томолой жетим бала бар
Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 932 социалдык кызматкер бар, алардын ар бири 11-12 адамды тейлейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Камкордукка алынгандардын басымдуу бөлүгүн улайган, майып адамдар, кароосуз калган балдар, жалгыз бой аялдар түзөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин «Республика – Ата журт» фракциясында калкын социалдык жактан коргоо жаатында мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда айтты.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров социалдык кызматкерлер болжол менен 6500-7800 сом өлчөмүндө эмгек акы аларын белгиледи.
«Социалдык кызматкерлерге жол кире менен иш сапар чыгымдары каралбагандыктан, алардын материалдык акыбалы андан оорлошот. Социалдык кызматкерлердин түйшүгү дагы өтө арбын. Биз азыр алардын маянасын көтөрүүгө каражат издеп жатабыз», - деди ал.
Азыркы учурда мамлекеттик социалдык мекеменин кызматкерлерине кошумча иретинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 953 кызматкерине социалдык кызматкердин ыйгарым укуктары берилген. Мындай кошумча күчтөр социалдык кызматкерлерге тагылган милдеттерди кыйла жеңилдетет.
Андан тышкары, ушу тапта 2 миңге жакын томолой жетим бала, 17 миңден ашуун жартылай жетим бала бар экени белгилүү болду. Томолой жетим балдар мамлекеттен жөлөк пул алышат.
Депутат Марлен Маматалиев жетим балдардын жоопкерчилигин мамлекет толугу менен өзүнө алууга тийиш экенин айтты.
«Алар жетим, демек, ата-энеси – мамлекет. Аларга татыктуу таалим-тарбыя жана жеткелең билим берүү зарыл. Жогорку окуу жайларында квоталар бар, аларга айрым аткаминерлердин балдары өтүп жатат. Жетим балдардын сынактан тышкары кабыл алынышына мүмкүнчүлүк түзүү керек», - деп кошумчалады ал.
Добавить комментарий ×