Урмат менен Неля ден соолугу жакшы болуп калган Калыстын ысык саламын айтышты

13 июль 2019 13:57 22518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жылдыздуу түгөйлөр Урмат Усенов менен Неля Нуркулова буга чейин социалдык тармакта сүрөтү жарыяланып, ооруп жаткан  8 жаштагы Калыс Ишенбаевдин абалын сурап барып келишти.

“Урматтуу мекендештер! Бүгүн барып Калысты көрүп келдик, азыркы учурга дары-дармекке керектүү каражат жетиштүү чогулду. Ошондуктан баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Кайдыгер карабаган, боорукер ар биринизге Аллах Тааламдын жакшылыгы эселеп кайтсын! Калыстын абалы жакшы, Аллага шүгүр! Сиздерге ысык салам айтты!”,-деп жазды Неля Нуркулова.

Эскерте кетсек, 8 жаштагы Калыс Ишенбаевдин апасы 8 ай мурда каза болгондон кийин гламиролонефрит оорусу менен ооруп калган. Атасы эч жерде иштебейт. Дарыгерлер баланы дарылабаса үч жылдык өмүрү калганын маалымдашкан. Мындан улам ырчылар кайрымдуулук кылууну сурап, көпчүлүк эл балага жардам бергени белгилүү болду.Учурда анын операциясына керектүү каражат чогулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/urmat-menen-nelya-den-soolugu-zhakshy-bolup-kalgan-kalystyn-ysyk-salamyn-ajtyshty



Добавить комментарий