Университетке студенттердин мыйзамсыз кабыл алынгандыгы тууралуу билим берүү министрлиги үн катты

7 июль 2022 15:20 857 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга чет өлкөлүктөр үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алынгандыгы боюнча үн катты. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, билим берүү жана илим министрлиги УКМКнын жогорку окуу жайларга абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда мыйзам бузуулар аныкталгандыгы тууралуу маалыматын тастыктап, бирок, бул былтыркы жылда кабыл алуу учурунда болгонун айтты.

"2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген. 

Белгилей кетсек, бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайларына каттоо жана кабыл алууда болгон. Андыктан бул мыйзам бузуулар быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экенин, 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин белгилей кетүү керек", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/universitetke-50-granttyk-orunga-studentterdi-myjzamsyz-kabyl-algandygy-tuuraluu-bilim-ber-ministrligi-n-katty



Добавить комментарий