Унаасында ок атуучу куралы болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, баңгизатты мыйзамсыз сатуу жана сактоого шектелип Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну М.Н. каралган.
"Тинтүү учурунда “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган.
Аталган факт Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/unaasynda-ok-atuuchu-kuraly-bolgon-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy
Добавить комментарий ×