Унааларды импорттоо жыл башынан бери 1,8 эсеге жогорулады

17 июль 2021 11:39 1462 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын январь-май айларында импорттук келип түшүүлөр 1 млрд 994,7 млн доллар болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылганын “Барометр” билдирет.

Ведомство берген маалыматка таянсак, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2021-жылдын январь айынан май айына чейинки аралыкта импорттун көлөмү 40,5 пайызга жогорулаган.

Анын көлөмүнүн жогорулашы унааларды жана алардын тетиктерин алып келүүнүн 1,8 эсеге, жашылча-жемиштерди алып келүүнүн 1,6 эсеге, электр машиналары менен анын жабдууларын алып келүүнүн 1,5 эсеге жогорулашына байланыштуу болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/unaalardy-importtoo-zhyl-bashynan-beri-18-esege-zhogorulady



Добавить комментарий