Унаалар Стамбулдун белгилүү жерлеринде Кыргызстандын желегин желбиретишти

5 март 2019 09:14 1693 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 3-март күнү Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги Кыргыздардын диаспорасы менен биргеликте Мамлекеттик калпак күнүн белгилешти. Иш чаранын алкагында 20-30 авто унаа менен Стамбулдун көчөлөрүнөн өтүштү.

Тышкы иштер министирлигинин айтымында унаалар Стамбул шаарында белгилүү болгон жерлерден, Фатих, Бейоглу, Бешикташ райондорунан, Босфорский көпүрөсүнөн жана башка жерлерден өтүштү.

Башкы элчи Эркин Сопоков элди майрамы менен куттуктап Кыргыз Республикасынын желегин ар бирибиз ар дайым коргоого жана бийик көтөрүп жүрүүгө чакырды.

Иш чара майрамдык маанайда өткөрүлүп, кыргыз тамак аштары даярдалган дасторкон жайылды.

Ссылка: https://barometr.kg/unaalar-stambuldun-belgil-zherlerinde-kyrgyzstandyn-zhelegin-zhelbiretishti



Добавить комментарий