Түркияда кайрадан күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду

25 июль 2023 14:16 930 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталгды. Бул тууралуу Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жер титирөө 88,1 миң адам жашаган Козан шаарынан 20 чакырым түндүктө жана Османия шаарынан 69 чакырым түндүк-батышта калкынын саны 200 миңге жакын аймакта болду.

Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.   

Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында эки жолу катуу жер титиреген. Жер титирөөнүн күчү 7,7 баллга чейин жеткен. Зилзаланын кесепетинен 50 миңден ашуун адам каза болгон.    

19-июлда Стамбулдун бийлиги мүмкүн болуучу жаңы жер титирөөгө даярдыктарды жарыялады.   

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kajradan-kch-55-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий