Кыргызстандык балбандар Стамбулда өткөн мелдеште жакшы жыйынтык көрсөтө албай коюшту

4 август 2023 16:42 4145 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык өспүрүмдөр Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында 10- орунду ээледи. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиге шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында 10-орунду ээледи.

17 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн грек- рим күрөшү боюнча мелдеште жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.

Килемге Кыргызстандан 10 спортчу чыгып, алар 1 коло медаль утуп алышты. Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 10 өлкөнүн ичинен 41-орунду ээледи.

Аталган дүйнө чемпионаты Түркиянын борбору Стамбул шаарында  31-июлдан 2-августка чейин өттү.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-balbandar-stambulda-tkn-meldeshte-zhakshy-zhyjyntyk-krst-albaj-koyuushtu



Добавить комментарий