"Ун пуруш" депутат Төрөбаев Чынгыз Айтматовдун үй-музейин каржылоону Өкмөт өзүнө алсын дейт

2 октябрь 2019 16:06 2648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ун пуруш" депутат Бакыт Төрөбаев Чынгыз Айтматовдун Бишкектеги музейин каржылоону Өкмөт өзүнө алуусун өтүнөт. Мындай пикирин депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү 2-октябрдагы отурумунда айтты.

Айтматовдун үй-музейин каржылоо маселесинде көйгөй бар экенин депутат белгилеп, Өкмөт өзүнө алышын зарылдыгын айтат.

Айтматовдун үй-музейи мамлекеттин менчигинде эмес. Ошондуктан аны бюджеттин эсебинен каржылоодо көйгөй жаралат. Токтом кабыл алыппы, же кандайдыр бир актыларды өзгөртүү мененби?, айтор Өкмөт аны каржылоо жагын өзүнө алуусун мен өтүнөт элем”, - дейт депутат.

Ал ошондой эле, Айтматовдун үй-музейине Шанхай Кызматаштык Уюмунун жакында эле өткөн жыйынында Орусия президенти Владимир Путин киргенин белгилеп, дагы канчалаган бийик даражалуу коноктор келип кирээрин айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/un-purush-deputat-trbaev-chyngyz-ajtmatovdun-j-muzejin-karzhyloonu-kmt-zn-alsyn-dejt



Добавить комментарий