Улуу Британияда коронавирустун жаңы кооптуу түрү жайылууда
Улуу Британиянын окумуштуулары "дельта" штаммдан дагы жугуштуу болгон коронавирустун түрү таралып жатканы тууралуу маалымдашты. Бул тууралуу Financial Times булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Кембридждеги Сенгер институтунун жана Лондондун университеттик колледжинин генетика институтунун окумуштуулары жаңы AY.4.2 деп аталган варианттын пайда болгонун маалымдашты. Бул "дельта" штамдан 10-15 пайызга жугуштуу. Эгерде аталган маалыматтар такталса мындай вирус пандемия башталган учурдан берки эң бат таралган вирус болуп калмакчы. Дарыгерлер аны дагы да изилдеп жатышат.
AY.4.2 вирусу Израилде алгач ирет чет өлкөдөн келген 11 жаштагы баладан табылган.Учурда вирус Европа өлкөлөрүнө тарап жатат.
Эскерте кетсек, азыркы тапта Улуу Британияда коронавирус менен ооругандардын саны активдүү түрдө жогорулап жатат. Акыры күндөрү 47 миң адамдан оору табылып, 200дөн ашык адам каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniyada-koronavirustun-zhay-kooptuu-tr-zhajyluuda
Добавить комментарий ×