Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата сүйлөгөн Меркел сынга кабылды
Германиянын канцлери Ангела Меркел Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анын видеосу Германия өкмөтү тарабынан Фейсбукка жарыяланды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Немис колдонуучулары мамлекет башчысынын сөзүнө нааразы болушуп, жаш муунга күнөө сезимин эскертпөөгө чакырышты.
Өз сөзүндө канцлер 22-июнь немистердин уят болушуна себеп болгонун белгилеген. Германия өткөн кылымдын ортосунда нацисттердин кылмыштары үчүн жоопкерчиликти моюнга алат, деген Меркел. Бул сөздөр угуучулардын кыжырдануусун жараткан.
"19 жана 21 жаштагы неберелеримдин буга кандай тиешеси бар? Такыр жок. Акыры, азыркы муунга бул жөнүндө ар дайым эскертип турууну токтотуңуз", - деп жазган колдонуучу Ханс-Йоахим Балдамус.
Өз кезегинде Ларс Виманн өзүн эч кандай уятка калтырбагандыгын, анткени ал бала кезинен бери согуш жөнүндөгү окуяларды уккандыгын жана ал окуяларга катышкан үй-бүлө мүчөлөрү буга чейин каза болгонун айтты.
Мындан тышкары, Ангела Меркел Германия менен Россиянын учурдагы мамилелери төмөнкү деңгээлде экендиги үчүн жемеленип, Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигин сактоого, уят сезимин өрчүтпөөгө чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/uluu-ata-mekendik-sogushtun-bashtalgan-knn-karata-sjlgn-merkel-synga-kabyldy
Добавить комментарий ×