Улуттук кардиология борборунун кызматкеринен COVID-19 тастыкталды

8 июнь 2020 17:28 983 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкеринен коронавирус тастыкталды

Бул маалыматты аталган борбордун жетекчиси Акпай Сарыбаев тастыктады.

Коронавирус аныкталган медицина кызматкери оорукананын лабораториясында иштеген.

"Аталган медик ооруканадан 12 адам менен байланышта болгон. Анын баарынан дароо эле коронавируска тест жасалып, анализдери таза чыкты. Булар лаборатория кызматкерлери болгондуктан, бейтаптар менен байланышта болгон эмес", — деди Сарыбаев.

Оорукана кадимки тартипте иштеп жатканын айтып, лабораторияда бүгүн дезинфекция иштери жүрөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-kardiologiya-borborunun-kyzmatkerinen-covid-19-tastyktaldy



Добавить комментарий