Улуттук инвестиция агенттиги: Талас облусуна инвестициянын 97%ы “Альянс Алтын” тарабынан салынган
Жерүй кенин 2016-жылдан бери “Альянс Алтын” ишканасы иштетип келет.
Өз ишмердүүлүгүндө компания Талас облусунун инфраструктурасына гана чоң салым кошпостон, мамлекеттик бюджетке бир топ салыктарды төлөп, 2022-жылы алдыңкы 9 салык төлөөчүнүн тизмесине кирген.
17-мартта Жогорку Кеңеште Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов: «Жерүй» кени Талас облусуна инвестициянын 97%ын түзүп, 2022-жылы түшкөн инвестициянын көлөмү боюнча төрт облустун лидерлеринин бири болду», - деди.
Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы Талас облусуна 107,2 миллион доллар инвестиция тартылган. Мында 104,5 миллион доллар Жерүй алтын кени жайгашкан Талас облусуна (97,48%) туура келген.
«Талас облусунда инвестициянын өсүшү, түздөн-түз Жерүй кенине салынып жаткан инвестициянын өсүшүнө байланыштуу», - дейт Нурадил Баясов.
Улуттук агенттик өлкөгө чет элдик инвестициялардын агымынын өсүшүндө тоо-кен тармагына ири инвестициялардын олуттуу ролу бар экенин белгиледи.
Ошентип, 2022-жылы инвестициянын агымы 4% - 4 млрд 46 млн долларга өстү. Инвестициялардын агылып чыгуусу 3%га кыскарды.
Добавить комментарий ×