Улуттук инвестиция агенттиги: Талас облусуна инвестициянын 97%ы “Альянс Алтын” тарабынан салынган

18 марта 2023 12:15 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй кенин 2016-жылдан бери “Альянс Алтын” ишканасы иштетип келет. 

Өз ишмердүүлүгүндө компания Талас облусунун инфраструктурасына гана чоң салым кошпостон, мамлекеттик бюджетке бир топ салыктарды төлөп, 2022-жылы алдыңкы 9 салык төлөөчүнүн тизмесине кирген. 

17-мартта Жогорку Кеңеште Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов: «Жерүй» кени Талас облусуна инвестициянын 97%ын түзүп, 2022-жылы түшкөн инвестициянын көлөмү боюнча төрт облустун лидерлеринин бири болду», - деди.  

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы Талас облусуна 107,2 миллион доллар инвестиция тартылган. Мында 104,5 миллион доллар Жерүй алтын кени жайгашкан Талас облусуна (97,48%) туура келген.   

«Талас облусунда инвестициянын өсүшү, түздөн-түз Жерүй кенине салынып жаткан инвестициянын өсүшүнө байланыштуу», - дейт Нурадил Баясов.     

Улуттук агенттик өлкөгө чет элдик инвестициялардын агымынын өсүшүндө тоо-кен тармагына ири инвестициялардын олуттуу ролу бар экенин белгиледи.     

 
Ошентип, 2022-жылы инвестициянын агымы 4% - 4 млрд 46 млн долларга өстү. Инвестициялардын агылып чыгуусу 3%га кыскарды.     

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-investiciya-agenttigi-talas-oblusuna-investiciyanyn-97y-alyans-altyn-tarabynan-salyngan



Добавить комментарий