Электр тармагынын кызматкери: Сага каршы азырынча курал да жок
Улуттук электр тармагынын басма сөз кызматынын башчысы Элзада Саргашкаева учурдагы пандемияга байланыштуу «Таажы вирус» аталышындагы ыр чыгарды. Бул тууралуу Саргашкаеванын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.
«Таажы вирус»
Тагынып тегерете таажыларды,
Бийликтүү экениңди тастыктадың.
Кымындай болсон да көлөмүңөн,
Мендеген өлкөлөрдү чөгөлөттүң.
Самолёт, поезддерди тып токтотуп,
Адамга кебелбестен сеc көрсөттүң.
Ухандан баштаган максатынды,
Дүйнөгө миллиондоп чачыраттын.
Сага каршы азырынча курал да жок,
Сактанып отуруудан башка айла жок.
Сен минтип нечендердин алын алып,
Нечендердин жанын да жутуп алдын.
Сактайлы өзүбүздү бул илдеттен,
Биргелешип вирустан кутулалы.
Тайманбай оору менен күч сынашкан,
Миңдеген доктурларга Терең Таазим.
Бул ыр учурдагы абал менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине арналды.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-elektr-tarmagynyn-kyzmatkeri-koronavirus-tuuraluu-yr-chygardy
Добавить комментарий ×