Улуттук банктын төрагасынын айлыгы 400 миң сомбу?

23 июнь 2021 16:24 3150 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турускулов Улуттук банктын төрагасынын айлык маянасынын көлөмүн карап чыгууну талап кылды. Бул тууралуу "Барометр" билдирет. 

Анын айтымында, Улуттук банк ачык айкын болушу керек.

“Силер жаап алдыңыздар, өзүнчө эле мамлекет болуп алдыңыздар жана эч нерсеге жооп бербейсиздер. Айлыгыңыз канча?”, - деп сурады депутат Улуттук банкытын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон жыйын маалында.

Төрага бир айда 120 миң сом айлык ала турганын айтты.

“Жалган. Сиз 400 миң сом аласыз. Муну кайра карап чыгыш керек. Дайыма президентке жамынып аласыз”,-деп нааразыланды депутат.

Бүгүн парламентте Улуттук банктын ишмердигинин жыйынтыгы тууралуу отчет добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-banktyn-tragasynyn-ajlygy-400-mi-sombu



Добавить комментарий