Улуттук банк коммерциялык банктарга ишти токтото турууну сунуштады

6 октябрь 2020 11:44 564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Финансылык көзөмөлдөөчү орган коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерге 2020-жылдын 6-октябрында ишин токтото турууну сунуш кылган. Бул тууралуу билдирүү Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

"Өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-кредит мекемелеринин активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык уюмдарга 2020-жылдын 6-октябрында өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор келип чыкса, Улуттук банк каржы мекемелерине онлайн кызматтары аркылуу байланышууну сунуш кылат (телефон, электрондук почта, социалдык тармактар жана мессенджерлер ж.б.).

Жумуш убактысы, өнүмдөр жана кызматтар жөнүндө маалымат каржы мекемелеринин веб-сайттарында жеткиликтүү болот.

"Улуттук банк кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана зарылчылык болсо, өлкөнүн каржы жана банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-kommerciyalyk-banktarga-ishti-toktoto-turuunu-sunushtady



Добавить комментарий