Улуттук банк Боз-Бөлтөктөгү флагшток боюнча депутаттын айыптоосуна жооп берди
Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна коюлган флагшток 2018-жылдан бери мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун карамагында экенин Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Орто-Сай айылына орнотулган флагшток көптөн бери желеги жок турганын айтып, бул боюнча жарандар дагы кайрылып жатканын билдирген болчу. Андыктан бул боюнча тийиштүү тараптардын түшүндүрмө берүүсүн өтүнгөн.
Улуттук банктан кабарлашкандай, аталган флагшток 2018-жылга чейин беш жыл банктын алдындагы “Инкассациянын республикалык башкармалыгы” мамлекеттик ишкананын карамагында болгон. Беш жылдык мөөнөт аяктагандан кийин өкмөттүн токтому менен желек тейлөө үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун карамаганы 2018-жылы ноябрда өткөрүп берилген.
Улуттук банктын маалымат кызматы желек түздөн-түз эч убакта банктын карамагында болбогонун эске салды.
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-bank-boz-bltktg-flagshtok-boyuncha-deputattyn-ajyptoosuna-zhoop-berdi
Добавить комментарий ×