Улуттук банк алтын валюта резерви кескин азайып кетти деген маалыматты четке какты
Бөлүшүү:
Азыркы учурда коомчулукта Улуттук банктын алтын валюта резерви кескин төмөндөп кеткени тууралуу маалымат тарап жатат.Бул маалыматка Улуттук банк тактоо бергенин “Барометр” билдирет.
Улуттук банк расмий түрдө 2021-жылдын 27-июлуна карата алтын валюта резервдери 2,65 млрд доллар экенин, бул 6 айга чейинки аралыкта товарлар менен тейлөөнү импорттоого жете турганын билдирди.
“Алтын валюта резервинин азыркы көлөмү өлкөнүн макроэкономикалык жана каржылык коопсуздугун колдош үчүн жетишерлик”,-деп айтылат маалыматта.
Аталган маалыматка таянсак, акыркы бир нече жылда өлкөнүн алтын валюта резерви көбөйгөн. 2019-жылдын соңунда анын көлөмү 2,4 млрд доллар болсо, 2020-жылдын акырында 2,8 млрд доллар болгон.
Добавить комментарий ×