Улукбек Марипов: Өкмөт студенттердин окуу акысын кыскартуу жолдорун карап жатат

16 февраль 2021 16:27 4230 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт студенттердин контракттарын кыскартуу механизмин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда өзүнүн соцтармактагы баракчасында түз эфир учурунда билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Анын айтымында, 2020-жылы студенттер жана мектеп окуучулары онлайн режиминде билим алышкан.

«Азыр деле жогорку окуу жайларда онлайн режиминде билим берүү жүрүп жатат. Бул маселени ЖОЖдордун жетекчилери карап, бирок алар окуу акысын 1000 сомго гана арзандатуу жасашарын айтышты. Биз буга макул эмеспиз, ошондуктан башка жолдору каралып, окуу акысын кыскартуу механизми иштелип жатат. Чечим жакынкы аралыкта кабыл алынат», - деди ал.

Эске сала кетсек, кече 15-февралда студенттер 2020-жылы онлайн билим алышкандыктан окуу акысын кыскартууну талап кылып, митинге чыгышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-maripov-kmt-studentterdin-okuu-akysyn-kyskartuu-zholdorun-karap-zhatat



Добавить комментарий