Улукбек Марипов: Айыл чарба министрлигинин статусун жогорулатабыз
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Айыл чарба министрлигинин статусу жогорулай турганын айтты.
«Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин тармактары өз алдынча болуп ар башка иштеп жатышат. Мисалга алсак, суу чарба маселелери, жер маселелери, фитосанитардык жана ветеринария багыттары өз алдынча иш алып барышат. Биз бардыгын бириктирип, кыскартабыз жана бир адам ушул тармак үчүн жооптуу болот. Мен бул тармакка аябай кызыгам. Анткени, мен өзүм айылда чоңойгон баламын», - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-maripov-ajyl-charba-ministrliginin-statusu-zhogorulatabyz
Добавить комментарий ×