Журналист Кудрет Тайчабаров: Уландын бою 1 метр 75 см болсо, чөккөн жери 1 метр 50 см экен
Журналист Улан Эгизбаевди коомчулук киши колдуу болуп өлдү деген шектенүүлөрүн токтотпой келет. Буга байланыштуу маркумдун жакындары, кесиптештери окуяны дыкат иликтөөсүн талап кылышат.
ИИМнин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовго "Улан чөккөн жердин тереңдиги канча экен?"-деген суроого 1 метр 50 см деп жооп берген. Бул туурасында журналист Кудрет Тайчабаров Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Уландын бою 175 см, чөккөн жердин тереңдиги 150 см болсо, 2 метр болгон күндө деле Улан секирип аба жутуп андан ары сүзүп кетмек.
"Улан айтмакчы, "БАСА", Улан ал жерде үч күн эс алды. Үч күндө жээкти, сууну толук жаттап бүткөн. Мен да "Акун" пансионатында эс алгам. Ал жакта пирстен секирген жак гана терең, а эл сууга түшкөн жээк 30-40 метрге чейин 1,5 метрлик тайыз жер. Уланды жакшы билгендер билесиңер, ал жоопкерчиликке бекем жигит. Ал келинчеги боюнда бар кезде өмүрүн кооптуу аракеттерге жумшабайт болчу. Бүтө элек иштери турганда тобокелге барып өз өмүрүн коркунучка салмак эмес. Ал көп жашоону максат кылып ичимдик ичип, тамеки чеккен эмес. Өлүп калуу коркунучу бар тереңдикке барбайт болчу... Күмөнүм бар... Улан өлгүсү келген эмес... Ал керек болсо тобокел кылып топ да тепкен жан эмес... Текшериш керек", - деген оюн жазды журналист Тайчабаров.
Добавить комментарий ×