Улан Ниязбеков Түркиянын ИИМнин жаңы министри менен жолугуп, мигранттар маселесин көтөрдү

20 июль 2023 19:06 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бир топ орундар берилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн 20-июль күнү Түркиянын борбору Анкара шаарына Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапар менен барып, анда Түркиянын жаңы ички иштер министри Али Ерликая менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

“Бүгүн сиздер менен Түркиянын борбору Анкара шаарында, ушундай жылуу маанайда жүз көрүшүп отурганыма абдан кубанычтамын. Урматтуу министр, сизди Түркиянын Ички иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен биринчилерден болуп келип, бет маңдай отуруп куттуктап жатканыма сыймыктанам жана чын дилимден куттуктап, жооптуу ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм. Бул дайындоо сиздин түрк калкы үчүн жасаган ак эмгегиңиздин үзүрү, ошондой эле Түркиянын жетекчилигинин чоң ишеничи деп билем.  Түрк мамлекети Кыргызстанды өз алдынча эгемендүү өлкө катары эң алгачкы болуп тааныгандан бери боордош, түрк тилдүү эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамилеси жана ар тараптуу кызматташуусу өнүгүүдө. Аны менен бирге биздин министрликтер да достук мамиледе кызматташып, бир топ ийгиликтерге жетишүүдө десем жаңылышпайм”, -деп билдирди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле, Улан Ниязбеков кыргыз тарап бир нече жолу Түркияга келип, Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү жана жасалган реформалары менен таанышкандан кийин, алгылыктуу кадамдарын кыргыз милициясына киргизүү аракети көрүлүп жатканын белгиледи. 

Мисал катары айта кетсек,  коомдук тартипти камсыздоо боюнча окутуп-үйрөтүүлөр түрк адистери тарабынан өткөрүлүп, тиешелүү техникалар алынды. Ошондой эле Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бир топ орундар берилүүдө. Мындан тышкары оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармап, бири-бирибизге кайтарып берүүдө алгылыктуу иштер жасалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жогоруда көрсөтүлгөн жардамдары үчүн Түркиянын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.

“Мындан ары да эки өлкөнүн бейпилдиги үчүн кызматташууну күчөтүп, өркүндөтөбүз деп толук ишенем. Өзгөчө трансулуттук, баңги, киберкылмыштарга жана экстремизмге каршы туруу негизги багыттар экендигин белгилеп кетер элем.  Түркия Ички иштер министрлигинин укук бузууну алдын алуудагы, кылмышка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин, өзгөчө кибер кылмыштарына каршы күрөшүү, жол коопсуздугун камсыз кылуудагы тажрыйбаларын үйрөнүү жана материалдык-техникалык жардамдар боюнча долбоорлорду жаңыртууну ишке ашырсак деген тилектемин.

Бүгүнкү ааламдын тездик менен глобалдашуусу миграциянын өнүгүшүнө, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө мигранттык агымдардын күчөшүнө алып келип, Кыргызстан үчүн да актуалдуу маселелердин бирине айлануу менен көйгөйлөрдү да жаратууда. Бул маселени козгогонумдун себеби Кыргызстандын 25-30 миң жараны эмгектенүү, окуу үчүн же турист катары Түркияда жүрүшөт. 

Ал эми, жайкы мезгилде мигрант жарандарыбыздын саны 50-60 миңге жетет. Бул багытта биздин негизги максатыбыз алардын коопсуздугун камсыздап, мыйзамдуу келип-кетүүсүнө, эмгектенүүсүнө, окуусуна, дарылануусуна же эс алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүү” -деди өз сөзүндө ички иштер министри.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жакындан жардам көргөзгөн кыргыз элине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-niyazbekov-trkiyanyn-iimnin-bashchysyna-50-mige-zhakyn-migrant-bar-ekenin-ajtyp-alardyn-koopsuzdugun-kamsyzdap-bern-tnd



Добавить комментарий