Улан Ниязбеков ИИМдин алты айдагы жетишкендиктери жана кемчиликтерин талкуулаган жыйын өткөрдү

28 июль 2023 11:18 1640 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер органдарынын алты айдагы жетишкендиктери жана кемчиликтерин талкуулаган коллегиялык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 28-июлда ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын алты айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты  Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери жана орун басарлары катышты. Ошондой эле,  облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, райондук–шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана орун басарлары катышышты.

Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2023-жылдын алты айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин адеп, ахлактык таалим тарбиясы жана кызматтык тартипти чыңдоо жана  ошондой эле 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына карата иш-мерчемдерди бекитүү маселеси каралды.  

“Алты айда элди сапаттуу тейлөө, кылмыштын бетинин ачылышы, сотко жөнөтүлүшү, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо, санарип тармагын өнүктүрүү, өздүк курамдын таалим-тарбиясын чыңдоо жана башка бардык багыттар боюнча талдоолор жасалды. Алардын негизгилерине токтоло кетсем.

Республикалык деңгээлдеги массалык-маданий иш-чаралар, мамлекеттик саммиттер, чет элдик делегациялардын жумушчу иш-сапарлары, жайкы туристтик сезондун башталышы жана жүрүшү, айрым округдарда жана аймактарда Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор болуп өттү. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти туруктуу сактоо, санарип технологиялар менен заманбап ыкмаларды калыптандыруу, мезгил ыргагынан артта калбай жаңы кадамдарды жасап, иш алып барууну чыңдадык. Катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, окуяларды алдын алуу, жарандарга жана чет элден келген конокторго сервистик тейлөө көрсөтүү, көчмө кабылдамалар менен элге жолугуп, кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүү процедурасын улантып жатабыз. Калкты сапаттуу тейлөө, жаңы үлгүдөгү функциялар менен иштөө максатында эл аралык өнөктөштөрдөн, демөөрчүлөрдөн, чет элдик кесиптештерден материалдык-техникалык каражаттарды, кызматтык керектөөлөрдү алып, коопсуздукту бекемдөө багыттарын уюштурдук. Жардам сурап кайрылган жарандарга жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 70тен ашык объектиге курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Дагы 30га жакын объектини курууну планга киргиздик. Тиешелүү кодекстерге өзгөртүү-толуктоолорду киргизип, ички иштер органдарынын функциясына экономикалык иштерди тергөө процессин алууга жетиштик. Буга байланыштуу жер-жердеги тергөө кызматтарынын ишмердигин бекемдөө үчүн, 100гө жакын штаттык бирдиктерди алууга уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ички иштер министрлигинде жана аймактык ички иштер органдарында түзүлгөн заманбап шарттардын, материалдык-техникалык чыңдоолордун, жаңы көз караштагы функционалдык милдеттердин натыйжасында – былтыр 6 айда ички иштер органдарына жардам сурап кайрылган жарандардын саны 91 миң адамды түзгөн болсо, быйыл 79 миң адамды түзүп, ар түрдүү окуяларды алдын алуу көрсөткүчтөрүн 12 миңге төмөндөтүүгө жетиштик. Жалпылап белгилегенде, коомдук тартипти дагы бир деңгээлге жогорулатуу, жарандардын арыз-даттанууларын туура кароо, кылмыш фактыларын өз учурунда аныктоо, укук бузууларга бөгөт коюу иштерин күчөттүк.

Алты ай аралыгында ушуга окшогон дагы бир катар маанилүү иш-чаралардын үстүндө иш алып бардык. Бирок, алдыбызга койгон максаттарга жетмейинче иш-чараларды мындан ары уланта беребиз. Эң башкысы, эл үчүн жогорку сапатта кызмат өтөөнү токтотпостон, калкыбызга коопсуз турмуштук шарттарды толук түзүп беришибиз зарыл. Кандай гана кыйынчылыктар болсо да моюн сунбастан, күнү-түнү элдин кызматында жан аябастан кызмат өтөө - мезгилдин талабы экендигин билдирем.

Ааламдашкан интеграцияны колдонуп, башка өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын жакшы тажрыйбаларын бизге киргизип, биздин мыкты тажрыйбаларды дүйнөгө жайылтуу – кыргыз милициясынын эң негизги максаты болуп эсептелет. Алдыга койгон багыттарыбыз кыялдарда гана калбастан, иш жүзүнө ашып, калкыбыздын тарыхында калат деп ишенем.  

Мекенибиздин ички тартибин көздүн карегиндей сактап, келечек муунга коопсуз жашоо шартын түзүү боюнча күнүгө талыкпаган иш алып баруу – баарыбыздын ыйык парзыбыз экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам. Сиздер жооптуу болгон региондордо - бекем тартип, сапаттуу жумуш, калыс жыйынтык, коопсуз эреже, элдин ишеними жана ички иштер органдарынын өнүгүүсү дайыма өкүм сүрүшү керек.

Ушул принциптер туура сакталса, коомубуз үчүн жасап жаткан ар бир жакшы ишибиздин акыбети кайтып, элдин тынчтыгы үчүн көрүп жаткан аракеттерибиз сөзсүз түрдө бааланат. Кемчиликтер боюнча бүгүнкү коллегияда кеңири карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз”, -деди министр Улан Ниязбеков.                                              

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-niyazbekov-ichki-ishter-organdarynyn-alty-ajdagy-zhetishkendikteri-zhana-kemchilikterin-talkuulagan-kollegiyalyk-oturum-tkrd



Добавить комментарий