Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган журналистик иликтөө фонду ишин баштады

14 сентябрь 2018 18:05 1086 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте өттү.  Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. 

Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу «Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын» негиздеди.

Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда тапшырылып турмай болду. Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн 11 кишиден турган Байкоочу Кеңеш түзүлдү. Байкоочу Кеңешке Кыргызстандагы кесипкөй журналисттер, коомдук ишмерлер кирди. Белгилей кетсек, 22-июл күнү Азаттыктын иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев  Ысык-Көлдө сууга чөгуп каза болгон. Анын жаркын элесине арналган журналистик иликтөөлөр фонду ачылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-zharkyn-elesine-arnalgan-zhurnalistik-ilikt-fondu-ishin-bashtady



Добавить комментарий