Укук коргоочу ММКнын экс-башчысы Дастан Догоевдин кармалганын кабарлады

8 май 2019 17:18 4945 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) экс-төрагасы Дастан Догоевди кармады”,-деп билдирди укук коргоочу Динара Ошурахунова. 

"IT-адистерди камакка алуу уланып жатат, бирок укук коргоо органдары Инфоком менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин паспортторду даярдоо боюнча тендердеги коррупция боюнча күнөөсүнүн ачык далилдерин таба алышкан жок. Ошол эле учурда жеңип алган компания Арбитраждык сотко берди. Расмий органдар Догоевдин камакка алынышын четке кагууда, анткени санкция жок. Бирок анын аялы учурда адвокат издеп жатат”,-деп жазды  Ошурахунов социалдык баракчага.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukuk-korgoochu-mmknyn-eks-bashchysy-dastan-dogoevdin-karmalganyn-kabarlady



Добавить комментарий