Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: "Улан көлгө өзү чөктү дегенге эч ким ишенбейт экен..."

7 август 2018 05:20 6412 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен Толекан Исмаилова Кочкорго барып, каза болгон иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин ата-энеси менен баарлашып келген. Бул туурасында Азиза Абдрасулова социалдык баракчасына өзүнүн оюн жазып, окурмандар менен тең бөлүштү. 

"Өткөн бейшемби күнү - Толекан Исмаилова, абышкам Жанызак учөөбүз Кочкорго кайра бардык. Барбай кое албадык. Ошол күнү таңга жуук түшүмө кирип калыптыр. Менден көзүн албай карап турат. Эмнегедир бир нерсе айткысы келип, бирок айтпайт. Мен да андан көзүмү албай, атын атап чакырып жаттым. Бирок, үнүм чыкпай, шыбырап "Ула-ан, Ула-ан" деп кыйкырганга аракет кылып, кыйналып, үнүм буулуп жатып ойгондум. Саат таңкы беш болуп калыптыр. Туруп бетими жууп, жалгыз отуруп куран окудум. Абышкамды ойготуп, Толекан Асаналиевнаны алып Кочкорду көздөй жол тарттык. Жол катары Уландын аракетин, мүнөзүн, эмгегин, фильмдерин кеп кылып жүрүп отурдук. Биз барганда куран окутканы келген элдер арбын экен. Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан батачылар келишиптир. Тажиясына барганда ызы-чуу менен болуп, ата-энеси, туугандары менен сүйлөшүүгө шарт болгон эмес. Ыйлап-ыйлап эле кетип калганбыз. Бул жолу барганыбызда батага келгендер менен бирге Уландын атасы, апасы, кайын журтунан келгендер болуп уза-ак сүйлөшүп отурдук. Үй-бүлөсү менен баарлашканда билдим тарбияны Улан кимден алганын. Атасы менен апасынын айткандарын угуп отуруп түшүндүм, ушундай сонун адамдардын баласы гана Уландай болуп жетилээрин.

Атасы өмүр бою мектепте иштеп, жүздөгөн балдарга тарбия берген ардактуу мугалим. Сүйлөгөн сөздөрү өтө маанилүү. Уландын бала кезин, окуучулук кезин айтып отурду. 

- Эмнеге жакшы иликтенбей жатат Уландын өлүму? МВД дагы бир айга узартыптыр иликтөөнү, а ушул күнгө чейин эмне иш бүтүрүштү? - деп бизге суроолу карады.

Апасы убагында өтө активдүү болгон экен. 19 жашында КПСС ке мучөлүккө кандидат, 22 жашында КПССке мүчө болгон экен. Өзү менин менен жашташ, атасы абышкам менен теңтуш экен. 

- Улан кайда барбасын мага айтып турчу эле. Эмнегедир ушул жолу көлгө кеткенин мага айтпаптыр. Эмнеге айтпады экен? . Тирүү алып чыгышкан экен, кантип врачтар өмүрун сактап кала алышпады? Куткаруучулар эмне такай турушпайт? - деди каңырыгы түтөп.

-Улан болгондо окуя болгон жердин ар бир кумуна чейин иликтейт эле. Көлдүн түбүнө чейин видеого тартат эле - деп төгүлө ыйлады Каражаны.

Мындайда сөз табылбайт экен. Кайрат айттык. 

- Улан тирүүсүндө гана Кыргызстандын булуң-бурчун бириктирбестен, мына көзү өткөндөн кийин да баарыбыздын башыбызды бириктирип отурат. Мына көлдүктөр, Тогуз-Торолуктар, Кара-Кулжалыктар, Баткендиктер, Жалалабаддыктар келишиптир. Кээ бири Уланды тааныса, кээ бири сыртынан гана тааныйт экен. бир гана силер эмес бмз да Улан менен сыймыктанабыз - дедим. 

Кандай суроо, кандай маселе болсо кайрылгыла, колдон келген жардамыбызды, колдообузду беребиз дедик

Коштошуп жатканыбызда апасы: 

- Келгендин баары Уланды ""баатыр" дешет. Эгер баатыр экендиги чын болсо, уулум элим-жерим деп каза болгону чын болсо, ага "БААТЫР" деген наам берип коюшса, кичине болсо жүрөгүбүз жеңилдейт эле - деди.

- Сабыр кылгыла. Уландын тарткан фильмдерин Кыргызстандын баардык региондоруна алып барып көрсөтөбүз. Жаңы фильмдерин фестивалга коебуз - деди Толекан Асаналиевна.

Уланды жоготтум, бирок Токтосун деген дос таптым - деп абышкам Уландын атасы менен кучакташып коштошту.

Жүрөгүбүз сыздап жолго чыктык. Биз менен баарлашып отургандардын бирөөсү да Улан көлгө чөктү дегенге ишенишпейт экен.....

Эске салсак, иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев ушул жылдын 22-июлунда "Акун" пансионатында эс алып жүргөн жеринен сууга чөгүп каза болгон. Сөөгү жакындарынын өтүнүчү менен дароо соттук-медициналык экспертизага жиберилген. "Экспертизанын баштапкы жыйынтыгы менен  Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгону  аныкталган жок"-деп ИИМ билдирген. Ал эми акыркы бүтүм бир айдан кийин чыгаары күтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/ukuk-korgoochu-aziza-abdrasulova-ulan-klg-z-chkt-degenge-ech-kim-ishenbejt-eken



Добавить комментарий