Уктоочу бөлмөдөгү кайсы заттар жубайларды көңүлдөш күтүүгө түртөт?

1 апрель 2019 09:44 3865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уктоочу бөлмөдө баары жакшы, баардык нерселер өз орунда жайгашкан болсо анда сонун. Бирок фен-шуй илими, дегеле мейкиндиктеги энергетиканын мыйзамдары менен иштеген адистер айрым заттар жубайыңызды башка бирөөнү сүйүп калууга түртөт деп эсептешет. Анткени бул заттар же буюмдар уктоочу бөлмөдө тескери энергияга ээ болот экен.

Эки бөлөк матрастар жана ачык өңдөр

Таң калыштуу угулушу мүмкүн, бирок керебет бир болгондон кийин матрас дагы бир болушу керек экен. Өз-өзүнчө болгон  матрастар күйөөсү менен ажырашууга алып келиши ыктымал дешет.

Түстөрдөн уктоочу бөлмөнүн өңүн жылуу өңдөрдөн тандап, бир аз кызыл кошуп койгон дурус. Өтө көп кызыл түс тескерисинче жубайлардын уруш талашына алып келет экен.

Эскирген буюмдар

Терезе парда, шейтептер, жабуулар баардыгы жаңыланып турушу керек.Ошондой эле жаздык алмаштырганды унутпаңыз.

Уктоочу керебеттин алдынын жыйналбай турушу

Керебеттин алдында чаң, кир байпак, таштанды жатпашы керек. Бирөө карай калып бул жер кир экен дегенден эмес болгону мындай заттарда тескери энергия көп топтолот экен.

Ачык-чачык болгон сүрөттөр

Ачык кийинген аялдын сүрөттөрү же бедиздери уктоочу бөлмөнү кооздоп турат десеңиз жаңылышасыз. Уктоочу бөлмөгү тынч гана гүлдөгөн талаанын сүрөтү же дарактардын сүрөтү жарашат.

Жасалма гүлдөр менен чырмоок гүлдөр

Уктоочу бөлмөгө мындай жасалма “куурап калган” гүлдөрдү койгондон алыс болуңуз.Чырмоок гүлдөр дагы жубайлар тескери чечим кабылдоого түрткү болот экен.

Күзгү

Уктоочу бөлмөдө күзгүнүн болушу ден соолукту бузуп жана үйгө бактысыздык алып келет деп эсептешет фен шуй адистери.

Кайсы гана аялдын болбосун сүрөттөрү

Кайсы гана аялдын же болбосо өзүңүздүн сүрөтүңүздү, статуэткаларды, картиналаргы койгонго тыюу салышат.Эмне үчүн дегенде мындай элементтер романтикалык энергетикадан алыстатат экен.

Техника 

Гаджеттер, ноутбуктар, телевизор жана башкалар уктоочу бөлмө үчүн эмес. Булар тез-тез чатактын болушуна алып келип уйкуну бузат.  

Аквариум  жана жасалма фонтандар    

Суунун энергиясы динамикалуу болгондуктан аны уктоочу бөлмөгө койгон туура эмес экен.

Ссылка: https://barometr.kg/uktoochu-blmdg-kajsy-zattar-zhubajlardy-kldsh-ktg-trtt



Добавить комментарий