Украинанын тарыхында биринчи жолу аял башкы прокурор болушу мүмкүн

11 март 2020 09:38 706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Украинанын башкы прокурору Мамлекеттик иликтөө бюросунун башчысы Ирина Венедиктова болугу ыктымал. Бул тууралуу Жогорку раданын спикери Дмитрий Разумков билдирди.

Анын айтымында, бул кызмат орунга “Слуга народа” фракциясынын депутаты Сергей Ионушас дагы талапкер болууда. Спикер эик талапкер тең татыктуу экенин айтты.

Разумков Жогорку радага башкы прокурорго талапкерлерди президент Владимир Зеленский киргизе турганын кошумчалады.

Украинанын башкы прокурору болуп Руслан Рябошапка2019-жылдын август айынан бери иштеп келе жаткан. Бирок 2020-жылы 5-мартта Жогорку рада ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ал кызматтан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/ukrainanyn-taryhynda-birinchi-zholu-ayal-bashky-prokuror-bolushu-mmkn



Добавить комментарий