Украинада машыгуу учурунда АКШнын аскердик учагын башкарган учкуч каза тапты

17 октябрь 2018 09:20 1439 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Украинада машыгуу учурунда АКШнын аскердик учагын башкарган учкуч каза тапты. Бул тууралуу Украинанын аскердик прокуратурасы Риа новости маалымат агенттигине окуянын чындыгын тастыктаган. Маалыматта айтылгандай, Украинанын Винницкая облусунда Су-27 аскердик учагы менен АКШнын аскердик учкучу, Украинанын жана НАТОнун мучөлөрү менен машыгуулар өтүп жаткан.

Генералдык штабдын берген маалыматында машыгуу өтүп жатканда эки учкуч каза болгон. Алардын бири Украиналык аба кучтөрүнүн офицери, экинчиси АКШлык.  Аткычтар 16-октябрда саат 17:00 лерде Уланов районундагы Бердичев жана  Хмельник калктуу пункттардын ортосунда кырсыкка учураган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 



Ссылка: https://barometr.kg/ukrainada-mashyguu-uchurunda-akshnyn-askerdik-uchagyn-bashkargan-uchkuch-kaza-tapty



Добавить комментарий