Украинада аскердик учак кулап түштү. 25 курсанттын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы (видео)

26 сентябрь 2020 10:25 1128 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-сентябрь күнү кечинеде, Украинанын Харьков облусунда  аскердик Ан-26 учагы кулап түштү. Бул тууралуу Lenta.ru жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аскердик учактын бортунда өлкөнүн аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинин курсанттары болгон. Курсанттар машыгуу учушун жүргүзүп келип жерге коноюн деп жатканда кулаган.

Украинанын Башкы прокуратурасынын алдын-ала берген маалыматына караганда, учак кырсыгында борттогу 27 кишинин ичинен 25 адам каза болгон. Ал эми аман калган эки адам оор абалда ооруканага жаткырылган.

Аймактын губернатору Алексей Кучердин айтымында, учактын сол мотору иштебей калгандыктан кырсык болгон.

"Учак конуп жатып кулап түшкөн. Экипаждан тышкары Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн Харьков университетинин курсанттары болгон. Өлгөндөр жана жаракат алгандар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

26-сентябрь Харьков облусунда - Аза күтүү күнү жарыяланды.

Европа Бирлигинин Эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Хосеп Боррелл Украинанын жетекчилигине жана авиакырсыкка байланыштуу курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.


Ссылка: https://barometr.kg/ukrainada-askerdik-uchak-kulap-tsht-25-kursanttyn-mrn-algan-kyrsyktyn-choo-zhajy-video



Добавить комментарий