УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-начальниги Дамир Мусакеев суракка чакырылды
УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-начальниги Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына суракка чакырылгандыгын КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтуусунда, Мусакеев бүгүн 15-00дө күбө катары келүүгө тийиш болгон чакыруу кагазын алган.
Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу боюнча иш козгогон. Тагыраагы, УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-начальниги Дамир Мусакеевдин мүлкүнө байланыштуу. Тергөөнүн маалыматы боюнча 2010-жылдан 2017-жылга чейин ал 20 миллион сомдук турак-жайга ээ болгон.
Дамир Мусакеевди кызмат абалынан пайдаланган деп да айыпташууда. Тергөө ал 2016-жылдан 2017-жылга чейин УКМКнын Тогузунчу кызматынын начальниги болуп иштеген учурда кызматкерлердин өзүнө жакындарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү тууралуу белгилейт.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-toguzunchu-kyzmatynyn-eks-nachalnigi-damir-musakeev-surakka-chakyryldy
Добавить комментарий ×