УКМКнын пара талап кылуу беренеси менен кармалган кызматкери жумушунан бошотулду

11 сентябрь 2020 11:26 1122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коррупция беренеси менен кармалган УКМКнын кызматкерине карата жүргүзүлгөн иликтөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын бүгүн, 11-сентябрда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

"Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 4-сентябрда 326-берене "пара талап кылуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.уулу С. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен Финпол жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, УКМКнын кызматкери Н.уулу С. ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүүдө. Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Финполдун жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды", - деди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-para-talap-kyluu-berenesi-menen-karmalgan-kyzmatkeri-zhumushunan-boshotuldu



Добавить комментарий