УКМКда тергөөчүнүн сейфинен пара катары кармаган 200 миң доллар жоголду
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн сейфинен $200 миң доллар жоголду. Ал акча башпрокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин пара алганы боюнча кылмыш ишинде далил-буюм болгон. Маалыматты күч органдарындагы жеке булактар тастыктады.
Улан Чалбаев 2018-жылдын апрель айында пара алып жаткан жеринен кармалган. $200 миң акча Ага Хан фондунун Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгон.
Маалымат булактын билдиришинче, аталган каражатты сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн тергөөчү жоголгон акчаны ордуна коюу милдетин алган.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmkda-tergchnn-sejfinen-para-katary-karmagan-200-mi-dollar-zhogoldu
Добавить комментарий ×