УКМК Жениш Разакова чет элдик атайын кызматтар менен иштешпегенин тастыктады

1 апрель 2019 14:47 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети вице-премьер-министр Жениша Разаков боюнча ЖМКларга жарыяланган материалдарга ылайык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында чиновниктин чет өлкөлүк атайын кызматтарга тиешеси бар деген  кеп тастыкталган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстандын ЖМКларында вице-премьер-министр Жениш Разаков коңшу мамлекеттин атайын кызматынын агенти деген маанидеги макала жарыяланган. Ал эки мамлекеттин чек арасында болгон чатакта Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.Мындан улам депутаттар жарыяланган материалдын чын-төгүнүн текшерүүнү талап кылышкан.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-zhenish-razakova-chet-eldik-atajyn-kyzmattar-menen-ishteshpegenin-tastyktady



Добавить комментарий