УКМК жасалма 15 миң долларды сатууга аракет кылган адамды кармады

10 март 2020 10:28 517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 6-мартында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-ж.т. КР жараны А.М. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-б., 1-п. (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-zhasalma-15-mi-dollardy-satuuga-araket-kylgan-adamdy-karmady



Добавить комментарий