Ысык-Көлдө тапанча, аңчылык куралы жана октор табылды

2 декабрь 2020 11:01 973 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунда "ТТ" жана "ПМ" маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы жана октор табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 27-ноябрда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө каршы турууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды. Табылган жерден "ТТ" жана "ПМ" маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (кесилген), кесилген курал (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынды.

Табылып алынган курал жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок- дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталды.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш- чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-ysyk-kld-ok-atuuchu-kuraldar-zhana-ok-darylar-tabyldy



Добавить комментарий