УКМК: Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан адам кармалды

23 октябрь 2018 11:50 1042 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран «WhatsApp» социалдык тармагында топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан. Ал 29 жаштагы Баткен облусунун тургуну экени айтылат. Кармалган жаран 2010-жылдагы окуяларда тартылган видеороликти жайылткан. Анда өзбек улутундагы топ балдар, кыргыз улутундагы балдарды ур токмокко алып, кечирим сураткан.  



Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-uluttar-aralyk-kastykty-kozutuuga-bagyttalgan-videonu-taratkan-adam-karmaldy



Добавить комментарий