УКМК: Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши КР ИИМге өткөрүлдү
2019-жылдын 23-декабрында С.Кенжебаевге карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында КР Башкы прокуратурасынаөткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Комитетинин Басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек 2019-жылдын 14-декабрында КР УКМК Кытай эл республикасынын жараны М.М. Кенжебаев Сыргак алдамчылык жолу менен арыздануучудан жалпы суммасы 350 000 АКШ долларын алганын айтып кайрылган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 000 АКШ долларын талап кылгандыгы тууралуу талашсыз дадилдер көрсөтүлгөн. 2019-жылдын 20-декабрында С.К. КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына кармалды. 2019-жылдын 21-декабрында С.Кенжебаевке аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип,ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо бөгөт коюу чарасы каралды.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-skenzhebaevge-karata-kozgolgon-kylmysh-ishi-kr-iim-tkrld
Добавить комментарий ×